Датасы: 13.08.2020
Формат: mp3

Алдадыңбы, алдандымбы,
Билдирбедиң кабарыңды.
Таштадыңбы, ташталдымбы,
Сагындым го жамалыңды.
Кайырма:
Сагынам, сагынам, сагынам дагы да,
Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда.
Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным,
Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
Таарындыңбы, таарынттымбы,
Балким, өзүм жаңылдымбы.
Бактым менин, кайрыл деймин,
Сени сүйөм, жаным менин.
Кайырма:
Сагынам, сагынам, сагынам дагы да,
Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда.
Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным,
Берекем, берекем, жүрчү жанымда.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *