Көл түбүндө эл жашаган жер калып,
Көркү анын унутулбас ырдалып.
Көп издээрбиз балалыктын элесин,
Көп кыз-жигит көл үстүндө көк кайыкчан ыргалып.
Кылаасынан сансыз жылдыз жаркырар,
Кыялымда кылым күүсү тартылат.
Тоолук жаштар, кайыгыңды токтотуп,
Тоолук элдин күүлөрүнөн калпып ал, ырларынан калпып ал.
Толкуп-ташкан чоң Нарын да буулду,
Кетенчиктеп кайра артка бурулду.
Токчулукка суусун болгон деңиздин,
Толкун күүсү тоодон ашып угулду, бүткүл элге угулду.
Жакты
Аябай жакты! Менин балалыгым ушул көлдүн астындагы жерде калды, эски райондо, Токтогул району… азыр көл алдында калды…