Аз болуп, жетпесе да айлыгыңар
Жарыбай же көбөйбөй байлыгыңар
Эл үчүн эмгектенип жашадыңар
Байланып ак халатка ай-жылыңар
Кайырма:
Өмүрдүн кымбаттыгын сезип бүгүн
Өлчөнбөс баркыңарды билип бүгүн
Силердей баатырларга алкыш айтып
Турабыз башыбызды ийип бугун
Калтырып үй-оокатты, ашынарды
Кайыл деп калган өмүр жашыңарды
Ажалдуу илдет менен кармаштыңар
Өлүмгө сайып коюп башыңарды
Кайырма
Ааламда пайда таппай калганында
Үмүттүн өчүп, кээде жанганында
Өмүрдүн чек арасын коргоп турган
Миң алкыш дарыгерлер баарыңарга
Кайырма
Абдан сонун жакты
Абан сонун ыр