Жетелеп колдон бөбөгүн
Колума алып белегин
Аскалуу тоону көргөндө
Айылыма келет жөнөгүң
Ак кайың терек зыңгырап
Арыкта суусу шыңгырап
Айылым эске түшкөндө
Ар дайым кетем тунжурап
Төрүңдө гүлү жайнаган
Төбөдө булбул сайраган
Көргөндө көздү кубантат
Көркүңөн сенин айланам
Аска зоо сууңдү багынтып
Алпештеп тумар тагындым
Алып эле учуп жүрөгүм ай
Айылымды абдан сагындым
шяХр