Закымдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.
Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.
Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.
Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл ээлеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да журөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.
Айбек Касымов агабыз ото жакшы ырдайт азаматсыз ага сиздин ырларыныздын баарын угам
Ото сонун ыр. Тексттерин туура жазсаныздар. Мисалы:»закылдап» эмес,»закымдап»
Рахмат, оңдоп койдук. Сиздердин жардамынар менен каталар ондолуп жатат.
Ото сонун рахмат
Журоктон чыккан саптар.
Жакты сонун ырдайт
Закымдап деп эле жазылып турат го жумурткадан кыр издеп эле тургула