Сөзү : Аскар Исаевдики
Обону : Атайбек Бодошевдики
Закылдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.
Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.
Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.
Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл ээлеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да жүрөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.
Соонун
Жакшы ыр ,жакшы обон ,мыкты аткаруучу
журоктон чыккан ыр журокко жетет
Эң сонун
Сонун ырдаптыр жагымдуу
Песня о чем? Можете сказать
Сонун ыр таппай жүргөм .Мыкты аткарылган кошулуп ырдап көңүлүм көтөрүлдү
жакшы өтө жакшы соонун.ырдап жүрөт турган экен
жакшы өтө жакшы соонун.ырдап жүрөт турган экен
Мыкты ырдаган
Сонун ыр, соз жок
айбек касымовдун ырлары мага жагат
Мага Жакты сонун ырдаган