Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң кымбатым.
Жазда неге келбей койдуң кымбатым
Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң кымбатым.
Жайда неге келбей койдуң кымбатым
Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласың.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң кымбатым.
Күздө неге келбей койдуң кымбатым
Эки жүрөк бирин бири тындасын,
Эзилишип элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым,
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым
Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым
Абдан жакшы!!!
Аябай жакшы.
Сонун
Ката жок аябай сонун уксан сергип каласын азыркы ырлардан жакшы
Абдан сонун ырдайт!!! Молодец!!!
Соз жок аябай соонун ырдайт Айбек Касымов
Соз жок аябай соонун ырдайт Айбек Касымов
Ушундай жанрдагы ырларды ырдаса жакшы болот эле.
Ото жакшы ырдайт
Сонун ыр десе болот супер