Датасы: 27.06.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Айдана Дека, Cholpon Melisbekova, Qanysh

Кыргыздын кызы — жүзү улуттун
Уңгусун сактап келген улуктун
Өчпөгөн из калтырып тарыхта
Даңктаган бүт ааламга өз журттун

Билеги күчтүү баатырдын
Тиреги болгон кыргыз кыз
Кут, береке келсин деп
тилеген кыргыз кыз
Өз элин бөлөп мээримге
Өз жанын берет кыргыз кыз кыргыз кыз кыргыз кыз

Мырза болсо жер айым болсо айдай
Ак өргөңдө аял болсо казанда эт кайнайт
Душман кирип келсе дагы дайын болуп дайыма
Керек болсо колго алган жаа, кылыч, найзаны

Тарбиясы зор, акылы да баасыз
Кыргыздын баатыр кыздары өтө эле көп сансыз
Жарк этет сулуугу а кийими адеми
Ала-Тоодой бийиктикте ар-намысы, адеби

Кыз деген аял — кыз деген эне
Аны сүйүп, аяп, коргоп кыргыз уулу келген
Унутулбай уланууда ал жылуу мамиле
Кыздын кырк чачы улуу деп айтылган элимде

Кыргыз кыз

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *