Датасы: 11.09.2021
Формат: mp3

Күн чыгат маанайымдан
Сыласаң саамайымдан
Эң кымбат белегимсиң
Берилген таалайымдан
Уялап жүрөгүмдү
Махабатым козгодуң…
Козголбос оңой менен
Бакыт болуп орнодуң
Чын бакыт сенин барын,
Көтөрүп жашыганым.
Сооротсоң эркелетип,
Мүнөттө басыламын.
Чын бакыт сенин барың
Көтөрүп жашыганым
Мен сенин эркең
Мен сенин таарынчагың…
Сен мени жандап жүрсөң
Жүзүмдү нурга боёп
Мен сени жүрөк менен
Эселеп сүйүп коём
Күн сайын сагындырып
Күн сайын ашык кылар
Эркелээр адамыңдын
Бары өзү бакыт чыгар

Один комментарий к “Айдана Дека — Мен сенин эркең тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *