Бакытыма менин,жазылып өзүң
Сени менен толук,жүрөгүм бүтүн
Сүйүү менен боёп,сырдасак деймин,
Биз экөөлөп курган махабат үйүн

Кайырма

Сен болсоң жанымда
Колумдан жетелеген
Сен болсоң жанымда
Таянам,эркеленем
Сен болсоң жанымда
Жүрөгү күйүп турган
Сен болсоң жанымда
Аярлап сүйүп турган

Сен бар үчүн бармын,сынбай канатым
Кошо аккым келет,кайда агасын
Экөөбүзгө жетет,кубатым менин
Чогу сүзсөк узак жашоо дайрасын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *