Кабарыңды, жаным, такыр укпадым,
Элесиңден эч айланып чыкпадым.
Күндүз эмес, түн уйкумду төрт бөлүп,
Бир өзүңдү түштө көрүп уктадым.
Эстей берем, кагылайын, каралдым,
Чар тарапка бөлүп койду санаамды.
Өзүң үчүн куса болуп оорудум,
Айыктырсаң жүрөктөгү жарамды.
Один комментарий к “Айгерим Расул кызы — Кабарың тексти”
Жакты аябай сонун ырлары