Күн эмнеге, эмнеге,
Батпай койду сен жокто?
Таң эмнеге, эмнеге да,
Атпай койду сен жокто?
Көмүскө жандай суз болуп,
Көңүлүм чөктү сен жокто.
Көзүмдүн жашын көрсөтпөй,
Кылгырып төктүм сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.
Куштар неге, эмнеге,
Сайраган жок сен жокто?
Гүлдөр неге, эмнеге да,
Жайнаган жок сен жокто?
Булактын мөлтүр агымы,
Акпады токтоп сен жокто.
Сайраган булбул үнү да,
Жакпады жанга сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто…
Жашоо мага түшүнсөң,
Кермек болду сен жокто.
Жалгызчылык жадатып ай,
Эзмек болду сен жокто.
Эстеген сайын эзилип,
Муңкануу жаным сен жокто.
Үмүтүм тоодой сезилип,
Кыйналуу жаным сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.
Айнура Салахидинова — Сен жокто тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 998