Айлана жымжырт, караңгы түн ортосу,
Кандайдыр шыбырт калп эле ойготпочу.
Уйку жок неге, сураймын бул эмне.
Сезимдер учат, убакыт токтотпочу.
Алып учат неге, алыстарга мени?
Алгалаган сезим шаштырат.
Кайырма:
Ак куу болуп учкум келет айдай сулуу кезимде,
Асмандагы жылдыз болуш ал сезимде.
Жылдыз болуп учкум келет жакшынакай кезимде,
Жер жүзүндө адам болуш ал эсимде.
Шаштырба сезим, секелек кезим,
Шашпачы дедим, уксаңчы кебим.
Өзүмдөн өзүм өрт болуп жанам,
Шаркырап аккан, шаштырган сезим.
Алып учат неге, алыстарга мени?
Алгалаган сезим шаштырат.
Кайырма:
Айпери Кубик кызы — Ак куу тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 13100
Сиздин ырларыңыз жакпайт
мага жакпайт
сонун ыр
❤❤❤мага жагат
Жок ото сонун
Мага жагат бул ыр жаштыгымды эстейм эх аттиң
Сонун клас мах