Датасы: 10.10.2020
Формат: mp3

Даамы кандай, түсү кандай билбедим,
Кармап кээде келет жытын искегим.
Кичинеби, орточобу же бойлуубу?
Өмүрдү мен, жашоону мен адамдардай издедим.
Кээде жумшак колун артып мойнума,
Теңтушумдай суу да чачат койнума.
Мас кылбаган шарап ичкен сыяктуу,
Өмүргө мен, жашоого мен такыр тойбой койдум да.
Билбейм, билбейм, өмүр мени издейби,
Же болбосо өмүрдү мен издеймби.
Мынча жашап эч түшүнбөй келатам,
Ушул өмүр, ушул жашоо келеби да, кетеби.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *