Ойлорум өзүңө камчыланып,
Ургуштайт көздөн жаш тамчыланып.
Жылдыздай жанган бир келбетиңе,
Жүрөмүн жүрөктү жанчып алып.
Кайырма:
Бүтпөстөй сезимдин ойу терең ,
Бүт дүйнөм эзилип жашым төгөм .
Буулугам ичимден азап тартып,
Мен сени чын эле жакшы көрөм
Күүлөнүп сен жака канаттарым
Күлкүңдү эстеймин самап дагы
Өрттөнөт бүт дүйнөм сездиң бекен
Өзүңсүз уйку жок таң атканын
Абдан жакты сонун чыгармалар