Бир өмүрүм жетпечүдөй сезилди
Сүйдүрүүгө сүйүү үчүн өзүндү
Сага келген азабыңга дайынмын
Тозгум келет тосколуңа төшүмдү
Өчүрбөстөн махабаттын ак шамын
Арнасам дейм түбөлүккө өзүмдү
Асыл затым өмүрүмдүн ак таңы
Алмаштыргым келбейт сага башканы
Тагдыр чиркин сүйүү деген бөчөдө
Сени мага коңшу кылып таштады
Өзүм менен аалам кезип учкансып
Өзгөрүлдү бүткүл дүйнөм баштагы
Таалай бактым сенде экенин билемин
Бөлүмбөсөк бирге болсок тилегим
Жүрөгүмдө сендик сезим катылуу
Өзүң үчүн аяр сактап жүрөмүн
Махабатым артка кайтпайт ардагым
Кагуусунан калгычакты жүрөгүң