Сөзү : А.Жакыповдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.
Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.
Тосушуп таңды атарда,
Узатып күндү батарда.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.
Гул койуп ,эскер,ыйлаба!
Моладцы
Маладсы
Гүл коюп
зор болгон ыр
зор болгон ыр
Мыкты чыгарма.
Мага жакты сонун
Азаматттар
Айгерим кухняда да көп кездешет
Азаматттар эмес азаматтар
Өттө жактты сонун чыгарма
Албетте
Азамат эмес
Азаматтар