Датасы: 15.03.2022
Формат: mp3

Силер бар ар бир үйдө майрам бар
Күн болуп күлүп жангандар
Кучагын мээрим толо жайгандар
Ал эне билсең ал аял

Аялзат арабызда кыйналган
Сыйдан да калат кур калган
Ал күчүн чыгарса да ыйлардан
Кыйноого салба бул жалган

Кайырма:

Азапты тарткан неге аял
Ал жанды барбы жан аяр
Жаштыгын бүтүн берсе дагы
Балдары кайда таянаар

Мамиле кылсаң ага аяр
Гүл болуп ачылат аял
Баарына болгон дайым даяр
Бактылуу болсун аялдар

Турмуш деп жүрөт аял жарышта
Мекенден көбү алыста
Кор кылбай асыл эне кыздарды
Жигиттер келчи намыска

Түйшүктүн сүйрөп ал кемесин
Тагдырдын көргөн ал жемесин
Бүтпөгөн сыноолорго жеңилбей
Ичиңен курчуп келесиң

Айжамал Кабылова — Ал-Аял тексти: 29 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *