Ак гүлдөрдөн топу токуган,
Кезди эстеп, эстеп олтурам.
Тосуп чыксам деймин кайра да азыр,
Балалыктын чаңдуу, чаңдуу жолунан.
Кайырма:
Балалыкка баргым келет,
Түбөлүккө мен калгым келет.
Көпөлөктөй конгум келет,
Балалыгым, сени сагындым.
Жүрөгүмдү кусалык ээлеген,
Таба албаймын балалыкты эч жерден.
Сени эстеймин, сени сагынам,
Өзүң болдуң бүтпөс эскермем.
Кайырма:
Балалыкка баргым келет,
Түбөлүккө мен калгым келет.
Көпөлөктөй конгум келет,
Балалыгым, сени сагындым.
Балалыгым ыр
Жагат жаккан жага берет голос 1