Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Айжамал Кабылова — Сүрөтүңө тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 3660