Датасы: 28.08.2020
Формат: mp3

Армансыз жашоо болбойт бул жалганда
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын
О кайран жаштык күндөр өтүп жатат
Кантейин эми жете албадым армандамын

Кайырма:

О жаштык күн кайда
Биз өткөргөн түн кайда
Махабатка кумар канбай
Биз сунушкан гүл кайда
Тоо жаңырта обон созгон
Мага тааныш үн кайда

Күлдүрүп күндөн күнгө ачыласың
Жомоктогу пери сымал азгырасың
Өзүңсүз кайран күндөр өтүп жатат
А мен арман дайрасында агыламын

Жүрчү жаным кетеличи тээ алыска
Колду шилтеп ушак сөзгө кур намыска
Эң бактылуу күндөр балким алдыдадыр
Жетелечи бизди күнкөн чоң бакытка

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *