Аскат Мусабеков жана Гүлнур Асанова — Ыраазымын тагдырыма тексти

Көчүрүү (скачать)

Бир көрүп, капысынан караганың,
Карегим карегиңе кадалганын.
Ушундай унутулгус нерсе болду,
Жазыксыз жүрөгүмдү жараладың.

Арзуум сезимдерди араласын,
Канткенде ак сүйүүнү таба аласың,
Ишеним эки жактан тең болсун деп,
Кош жүрөк күмөндүктү санабасын.

Кайырма:
Ыраазымын тагдырыма, сүйүүнүн актыгына,
Буйругун бир өзүңдөн, таптым мына
Сүйүнүч нуру толсун, өчпөгөн бакыт консун,
Табышкан ак сүйүүбүз түбөлүк бирге болсун…

Жүрөгүм алоолонуп жанып барат,
Мен үчүн укмуштуудай сезим жанат
Жаштыктын унутулгус бул күндөрү
Түбөлүк эч өчпөстөн эсте калат.

Кайырма:

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •