Аткаруучу: Аксай Мукамбет уулу
Жашыл бойдон турат бак
Жай күнүндөй бул аптап
Жалын бергениңе, эргүү, эрмегиңе
Жаштык, сага ырахмат!
Кайырма:
Жаңырып күлкү, жанымда жүрчү
Кана элек кезим сенин оюн, кумарыңа
Каткырып күн-түн, эркелеп түркүн
Туралы дагы жаштык сенин убагыңда
Болду сенде азгырык
Болду далай масчылык
Токто мезгил шашпа, аярлачы, аста
Тура турчу жаш кылып
Кайырма:
Жаңырып күлкү, жанымда жүрчү
Кана элек кезим сенин оюн, кумарыңа
Каткырып күн-түн, эркелеп түркүн
Туралы дагы жаштык сенин убагыңда
Таң атканча шат кылып
Күн батырып каткырып
Оюн, күлкү менен, ооматыңды берген
Кереметсиң, жашчылык
Кайырма:
Жаңырып күлкү, жанымда жүрчү
Кана элек кезим сенин оюн, кумарыңа
Каткырып күн-түн, эркелеп түркүн
Туралы дагы жаштык сенин убагыңда
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.