Унутулбайт ак каранын кармашы,
Эркин элдин чындык үчүн күрөшү.
Элим толкуп издеп барып адилет,
Ажал тапкан канкорлордун огунан.
Арасында Чынгыз менен Касымдай,
Балким чыкмак Искак менен Турдакун.
Эл үмүтүн уурдап алган арамдар,
Аттырышкан кыргыз элин аябай.
Эрдиктерин шейиттердин жууйбуз деп.
Тарых бетин кара менен бойоого.
Жалган менен байлыгына тайанып,
Азезилдей актанышат уурулар.
Өчпөйт жашайт! Шейиттердин элеси!
Унутпайбыз баатырларды эч качан!
Эрдиктерин кылымдарга жазгандар!
Мекен үчүн кайран башты сайгандар.
Эстеп дайым урмат кылып жүрөлүк,
Тепсетпейлик баатырлардын элесин.
Тынчтык болуп мекенимде ар дайым,
Кан төгүлгөн апаат күндөр болбосун…