Датасы: 27.05.2024
Формат: mp3

Көздөрүмө тик багалбай сүрдөгөн
Мени сүйгөн, а бирок мен сүйбөгөн
Адамдарды ай жылдарды аралап
Өзүңдү издеп жүрөм жалган дүйнөдө

Бирок билбейм ысымын ким кандайсың
Балким ачуу балким шекер балдайсын
Байкашымча бакытка окшош кандайдыр
Башкалардан башкачарак башкачарак жандайсың

Жылуу сулуу каректерге үңүлөм
О кудайым ошого дейм түңүлөм
Жакшы ыр уксам, көрсөм жакшы бирөнү
Эмнегедир сага окшотуп сүйүнөм

Алтынай Асанбекова — Издеп жүрөм тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *