Себелеп жамгыр төксө айланага,
Сезимдер калган өңдүү
ай-талаада.
Алыста жалгыз калган ак куу сымал,
Түгөйсүз кыйын тура,
Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда.
Учса да канаттуулар эки-экиден,
Учууга канатым жок мен издеген.
Сагынып кусаланып жүрсөм дагы,
Үмүт бар жолугууга,
Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн.
Элесиң калсын менде кылымдарга,
Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Бир сага арзуу айтам,
Өзүңө арзуу айтам бул ырларда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Сүйгөнүм сен деп жатам,
Сагынычым айтып жатам бул ырларда.
Алтынай Нарбаева — Арзуу тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 19259
Оа жакты
Тамаша. Керемет ән.
Эн сонун Ыр Алтынай эжекебиздин омуру узун болсун
Абдан жакты эжекебиздтн ырларын жан дилимден суцом
Абдан жакты эжекебиздтн ырларын жан дилимден суцом
Супер
Супер
Ката жок деле го