Алтынай Нарбаева — Арзуу жыты тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Ажайып деп тоонун гүлүн искеген,
Арзуу жытын неге мурда сезбегем.
Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур, бекер.
Балким, сенин жытың гана издегем.
Алыс кетсем илебиңди сагынам,
Ооруп калсам, жытың татсам айыгам.
Сен жыттанган шамал уруп турса деп,
Мен ичимден табияттан жалынам.
Мындай жытты кызганышар арчалар,
Арзуу жытын сезбей өтөр канчалар.
Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин,
Жытың искеп анан, мүмкүн, жан чыгар.
Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем,
Жытың издеп жолго чыгам күндө мен.
Сендей жакшы жолукса да жашоомдо,
Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1410
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3982
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти347
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти193
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти136
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти124
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти97
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти93
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти90

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.