Датасы: 13.09.2020
Формат: mp3

Береги тамыр жибим байланганым,
Энемдей жан дилинен айланаарым.
Жан эжем сизден өтөөр жакын барбы,
Эзилип издеп турган кабардайым.
Эзилип сурай турган кабардайым.
Жан эжекем кеңешээрим,
Балалыгым эстешээрим.

Апамдын ак сүтүнө насиптешим,
Төрөлгөн бир уядан бешиктешим.
Ынагым жароокерим эрке сиңдим,
Ырыстуу күн эшигим бекитпесин.
Тилегин тилеп турам кечикпечи.
Саамайыңдан жыттайынчы,
Бактын тилеп алкайынчы.

Изимди басып келээр илинчегим,
Ынагым сырымды айтаар түйүнчөгүм.
Боорубуз бүтүн бойдон жүрсөк экен,
Өлчөөсүз өмүр берип жаратканым.
Өлчөөсүз жарык берип жаратканым.
Эже-сиңди ынтымагы,
Ар бир үйдүн ырыс багы.
Эже-сиңди ынтымагы,
Ар бир үйдүн ырыс шамы.

Алтынай Нарбаева — Эже-сиңди ыры тексти: 9 комментарий

  1. Алтынай эженин ырдаган ырлары баары сонун мага жагат таазим уй булолук бакыт бекем ден соолук иштерине ийгилик каалаймын мага жаккан ырларыны жазып алгам рахмат❤‍♀️

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *