Датасы: 07.05.2022
Формат: mp3

Күз күчүндө кээде жамгыр уланат
Күндөп-түндөп жалбырактар куланат
Гүлүн ачып бирок дагы жашайм деп
Күзгү роза бак ичинде муңайат

Гүлдөр гүлдөр жашоодон түк түңүлбөйт
Күйүп турган жүрөгүндөй жүнүндөй
Кереметин чачып кетээр өлгөнчө
Кечки роза менин кечки сүйүүмдөй

Корком корком бирок жакын баргандан
Кудай сакта сен азапка салгандан
Сезимимди шылдыңдашаар уккандар
Сен жаз мен күз бариктери саргайган

Күндөн күнгө кечки суук карышат
Күз боегу бардык жерге жабышат
Кызыл чоктой күзгү роза бир гана
Кызыл бойдон кар алдында калышат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *