Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум,
Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум.
Өмүр бою жаркырап жанымда жүр,
Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн.
Кайырма:
Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым,
Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым.
Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп,
Сен карыба, жан биргем, кагылайын.
Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым,
Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым.
Алдымда жүр жетелеп максаттарга,
А мен болсо артыңдан акмалайын.
Кайырма:
Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм,
Угуп турчу, чынымды билдирейин.
Сенин барың суранып Жараткандан,
Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн.
Кайырма: