Алтынбек Борошов — Кыргыз элинин арманы тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Алтайдан Ала-Тоого чыйыр салдык
Тайгак кечүү тар жолдордо биз чыйралдык
Көк асаба желбиретип ай ааламга
Кыргыздын каганатын тургуза алдык
Оо дүйнө атаганат атаганат

Кылымдарды карытып тарыхта кыйла жүрдүк
Ааламда биз көчмөндөрдүн доорун түздүк
Каада салттын ак насибин бекем кармап
Көчмөндөрдүн көч башында өмүр сүрдүк
Оо дүйнө атаганат атаганат

Бабалар баштап берген чыйыр жолду
Баатырлар багыт берип узун кылды
Акылмандар жол көрсөтүп урпактарга
Тайгак кечүү тар жолдорду улуу кылды
Оо дүйнө атаганат атаганат

Узак басып улуу жолдун ээси болдук
Улууларды урматтап ызат кылдык
Тарыхтын татаал жолун басып өттүк
Кыргыздар баатыр деген атка кондук
Оо дүйнө атаганат атаганат

Андан бири миңдеген жылдар өттү
Тор алмашып кезек менен коом өзгөрдү
Айрыкча орустарга эркеледик
Жашоо берген бабаларды эстебедик
Оо дүйнөң арман дүйнөң арман арман

Акылмандар айткан сөздү аңдабадык
Каада- салтын унутуп майдаландык
Жакшы менен жаманды ылгай албай
Багыты жок камгактай желге айландык
Оо дүйнөң арман дүйнөң арман арман

Жол көрсөткөн бабаларды эстебедик
Уят менен намысты кенебедик
Акыл эстен ажырап маңкурт болуп
Аталардын ар намысын тебеледик
Оо дүйнөң арман арман арман дүйнө

Улуу элдин ордуна уруулар келип алды
Бийлик үчүн элди экиге бөлүп салды
Намысы жок шылуундар эл башкарып
Урпактары баатыр элдин майдаланды
Оо дүйнөң арман дүйңөн арман арман

Каганатты түптөгөн кайран кыргыз
Кайрымсыз ушул күндү көрөт беле
Мекенине жете албай бөтөн элде
Кайран кыргыз дүйнө кезип тентийт беле
Оо дүйнөң арман арман арман дүйнө






Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31055
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти537
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти279
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти174
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти140
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти137
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.