Датасы: 25.08.2022
Формат: mp3

Колдон келсе жаман тилди азайтып
Кир жолотпой көңүлдөрдү тазартып
Жакшы создү сенден угуп мен сүйлөп
Жашайлычы жан дүйнөнү жашартып

Сүйө билип сүйдүрө да билүүгө
Мезгил келет ар адамга тирүүдө
Дал ошондо гүл куракты өткөрбөй
Эмне жетсин кадырлашып жүрүүгө

Мен аяйын сен да мени аягын
Мен жөлөйүн сен да мени таягын
Сен сыйласаң менден эле кетпестир
Мен да сени ардактоого даярмын

Сыйлашалы гүлгө айлантып өмүрдү
Жыргашалы кирдетпейли көңүлдү
Бир кезекте жер үстүнөн табышбай
Каларыбыз чындыгында төгүнбү

Клип — Сыйлашалы

Один комментарий к “Анапия Райымбекова — Сыйлашалы тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *