Анжелика Кайратова — Апакем тексти

Көчүрүү (скачать)

Сен турган жер ыйык мага бейиштей,
Сени менен телегейим тегиздей.
Мени кандай мээнет менен өстүрдүң,
Балалыктын бактысынан кемитпей.

[Кайырма]
Апакем менин ынагым,
Маңдайда өчпөс чырагым.
Эсен-соо болуп биз менен
Жайнасын көлдөй жамалың.

Бейиш жыты, балким эне жытындай,
Жыттап алсам жыргай түшөм ушундай.
Болгон үчүн энелердин мээрими,
Бүтүн бойдон турат дүйнө бузулбай.

[Кайырма]

Анжелика Кайратова-Апакем караоке

Анжелика Кайратова-Апакем клип

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •