Датасы: 10.04.2020
Формат: mp3

Күн болуп күлүп турсаң,
Каректен нур бөлүнүп.
Жан дүйнөм балкып, эрийт,
Жүрөктөн ыр төгүлүп.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?

Кайырма:
Назданып эркелесең,
Берерге жаным даяр.
Артылып арзуум сага,
Махабат багым даяр,
Махабат багым даяр…

Күн болуп тийип турчу,
Мээримиң төгүп мага.
Жаштыгым өтсө мейли,
Өзүң деп күйүп-жанам.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?

Кайырма:

Анжелика & Кубат Тургумбаев- Назданып клип

Один комментарий к “Анжелика & Кубат Тургумбаев- Назданып тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *