Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Апаз Жайнаков — Өрүкзарга кетели тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 195