Он сегиз курак бактымбы?
Ошондон жыргал таптымбы?
Ойнотуп, ойнотуп күлүк ат минип,
Жыйрмадан отузду карай чаптымбы?
Өмүрдөн, жашоодон издеп бактымды,
Көңүлдөн, сүйүүдөн аны таптымбы?
Кыйналып издеп бактымды,
Кырк жашты карай чаптымбы?
Он сегиз, жыйырманын ичи жаш эле,
Ыраактап өзүм качтымбы?
Өмүрдөн, жашоодон издеп бактымды,
Көңүлдөн, сүйүүдөн аны таптымбы?
Эчен жыл издеп бактымды,
Элүүгө карай чаптымбы?
Улгаюу деген ойдо жок,
Убакыт неге шаштырды?
Өмүрдөн, жашоодон издеп бактымды,
Көңүлдөн, сүйүүдөн аны таптымбы?
Апаз Жайнаков — Жаштыкка кайрылуу тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 577