Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Тоо койнуна кысылган кыштагымдай,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагындай.
Турар эле шуулдап миң түп терек,
Тигип койгон атакем жаш чагында.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем,
Угуп жатып теректер шуулдаганын.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Атам өлүп, артынан апам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп.
Ошондо да теректер шуулдаган,
Коштошкондой көрүнөө капа болуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман.
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим.
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин,
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин.
Асанкалый Керимбаев — Шуулдаба теректерим тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 4641