Аскат Мусабеков — Түгөлбайдын жамгыры тексти

Көчүрүү (скачать)

Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен,
Бирок да жолдорубуз бөлөк экен.
Жамгырда бирге болгон жаштык кезди,
Жоготпой сезимиме сактап келем.

Кайырма:
Табийгат жашып турат неге тынбай?
Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай.
Арзууну жүрөктөгү эзген менен,
Ааламга жар саламын ырдай, ырдай.

Жамгырда чогуу басып атырган таң,
Түбөлүк чыкпай келет акылымдан.
Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп,
Тасмадай мезгил өтөт көз алдымдан.

Кайырма:

Окшотуп добушуңду сенин күлкүң,
Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм.
Жамгырдан сени бөлүп карай албай,
Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм.

Кайырма:

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти571
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти297
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти59
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти52
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти26
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Cүйүү керемет тексти жана mp313
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти11
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36