Теңирден бүткөн түркүгүм менин,
Теңдеши чыкпас сүйкүмдүү жерим,
Төп келген көркүң көзүмдөн кетпес,
Тоңсо да баары, тоңбогон көлүм.
Өзүңдөн ыйык Мекке жок мага,
Өмүрдө сүйүүм экөөңө гана, экөөңө гана.
Чыт курсак кезим, жээгиңде өскөм,
Чымылдап келип, бир чумкуп кеткем.
Чок таштап анан алгачкы сезим,
Чолпондой кыздын бетинен өпкөм.
Ашыксам көлгө апама жетем,
Апамдай күтөт Ысык-Көл гана, Ысык-Көл гана.
Тирүүлүк түркүн тагдырдын жолу,
Тургандыр күтүп багы же шору.
Буулугуп келсем башымды жөлөөр,
Толкунуң жана апамдын колу.
Өзүңдөн ыйык Мекке жок мага,
Өмүрдө сүйүүм экөөңө гана, экөөңө гана.
Ашыксам көлгө апама жетем,
Апамдай күтөт Ысык-Көл гана, Ысык-Көл гана.
Асылбек Өзүбеков — Көл жана апам тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 1243