Датасы: 17.07.2024
Формат: mp3

Балким

Сөз алдасын адамды

Көз алдабайт таптакыр

Өттү кетти кайрылбайт

Ал күндөрдү миң чакыр

Көзгө карап миң ылдадың

Ушактарың алдаптыр

Сени мага сүйүү

Убактылуу жалдаптыр

Кучагымды сага ачтым

Сенден көрбөйм аракет

Кылган ишиң окшошпойт

Сүйлөгөнүң балекет

Мен да сени унутам

Сен да менден кет

Эми эмне дейбиз

Кең болсун келечек

Кайырма

Балким сага жакпай калдым

Мен эми кетейин

Балким себеп таппай калдың

Мен деле кечейин

Мага жүрөк батпай калды

Ашыгын берейин

Жээгине түшүп калдым

Сүүйү деген кеменин

Балким сага жакпай калдым

Мен эми кетейин

Балким себеп таппай калдың

Мен деле кечейин

Мага жүрөк батпай калды

Ашыгын берейин

Жок мага керегиң

Менде да жүрөк бар

Ал жүрөк сага зар

Көп кыздар тегеректейт

Кет десем деле кетпейт

Жүрөгүм сени элестейт

Өтсө да кылымдар

Жүрөгүм жымыңдар

А бирок көздөрүм

Жек көрүп ыр ырдаар

Эсимде калды

Күлгөн сенин элесиң

Бирок эми кызыктырбайт

Кимге качан келесиң

Кимдер белек берсе да

Кимге белек бересиң

Сен да мага окшоп

Мендегини сезесиң

Өмүр өтөт токтобойт

Күнбү түнбү белгисиз

Алыстасаң менден

Болду болгун келгисиз

Жашай берем жашай берем

Сен жок деле күлкүсүз

Сезимдердиң болбойт туура түлкүсүз

Кайырма

Балким сага жакпай калдым

Мен эми кетейин

Балким себеп таппай калдың

Мен деле кечейин

Мага жүрөк батпай калды

Ашыгын берейин

Жээгине түшүп калдым

Сүүйү деген кеменин

Балким сага жакпай калдым

Мен эми кетейин

Балким себеп таппай калдың

Мен деле кечейин

Мага жүрөк батпай калды

Ашыгын берейин

Жок мага керегиң

Менде да жүрөк бар

Ал жүрөк сага зар

Көп кыздар тегеректейт

Кет десем деле кетпейт

Жүрөгүм сени элестейт

Өтсө да кылымдар

Жүрөгүм жымыңдар

А бирок көздөрүм

Жек көрүп ыр ырдаар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *