Датасы: 15.06.2025
Формат: mp3

Ой бөлүп карайм жүзүңдөн сымбат
Ойноок көз курбум карашың кымбат
Сагыныч езет сары оору кылып
Өзгөчөм деймин башкадан ылгап

Кайырма:
Оруду жүрөк ок болуп тийген
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн
Канча жан мага арзыды экен
А бирок сенден башканы сүйбөйм

Сагындым сени үлбүрөп турган
Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм
Жол бою өскөн дарактай болуп
Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм

Кайырма:
Оруду жүрөк ок болуп тийген
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн
Канча жан мага арзыды экен
А бирок сенден башканы сүйбөйм

Кыйбасым ойлон кымбатым жандын
Жанымда болуп жалындай жангын
Антпесе өмүр боектой өчөт
Өзүңсүз өтсөм арманым арбын

Кайырма:
Оруду жүрөк ок болуп тийген
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн
Канча жан мага арзыды экен
А бирок сенден башканы сүйбөйм

Оруду жүрөк ок болуп тийген
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн
Канча жан мага арзыды экен
А бирок сенден башканы сүйбөйм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *