Жашыл чөп жайнап чыгабы
Агын суу ташып кирдесе.
Магдырап дүйнө турабы,
Асмандан күн тийбесе.
Лайли-Мажнун болобу.
Карып атка конобу,
Ашыктык отко күйбөсө?

Жазганыңа карасам,
Чының менен сүйөсүң.
Жай табалбай чымын жан,
Жалын болуп күйөсүң.
Кармашарга шер таппай,
Коноруңа жер таппай,
Учуп-күйүп жүрөсүң.

Чындап сүйсөң сен мени,
Жок дебесмин мен сага.
Мен бир бышкан ак алма,
Айтамынбы: кой алба
Жок, көп иштер эсимде
Ишенбейм, жигит сөзүнө
Азгырба мени алдаба..

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *