Бакчада балдар ойногон,
Жадырап жайдын кечи эле.
Колуңдан кармап мен койсом,
Атама айтам дечү элем.
Кайырма:
Кыз-жигит, канча ирээт адашабыз,
Кыз-жигит, кайра эле жарашабыз.
Кыз-жигит, бир келген өмүр жолдо,
Кыз-жигит, биз бирге баратабыз.
Аялуу сезим өрт жүрөк,
Айталы биз да ак тилек.
Адашып калбай жашоодо,
Табышса экен кош жүрөк.
Кайырма:
Айлуу түн бизге жарашып,
Ак чөлмөк ойноп таң атып.
Өмүрдө бирге өтөлү,
Адашып калбай, адашып.
Азиза — Кыз-жигит тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 2260