Кыргызча mp3 каталогу: Ала-Тоо таңшыйт, жомоктор жана башка кызыктуу аудиолор жана текстер жыйнагы.
БАБА ДЫЙКАН
06.05.2020
49
Сары талаа түзүндө, Буудай бышат күзүндө. Жер ширеси данында, Күн иреңи жүзүндө. Ал буудайга эгедер, Баба дыйкан дегендер. Ардакташат аларды Ак нанынан жегендер. Бул дүйнөдө Жер улук, Жерди иштеткен эл улук. Элин баккан нан менен Баба дыйкан эр улук.