Келбедим былтыр неге Ысык-Көлгө?
Өкүндүм, аттиң, ай, деп келбегенге.
Мен азыр көргөнүмдүн бирин койбой,
Айтармын көлдүн жайын көрбөгөнгө.
Айтармын көлдүн жайын көрбөгөнгө.
Мен сүйдүм Ысык-Көлдү ашыгымдай,
Жерде жок, көктө турган асылымдай.
Мен сүйдүм элим сүйгөн жакшы ырдай,
Уялаш баары бирге жакынымдай,
Кыйышпас баары бирге жакынымдай.
Ысык-Көл бейишиндей бул жалгандын,
Көңүлүн көкөлөтөт барган жандын.
Жыргал бейм жылуу сууң, алтын кумуң,
Өзүңдөн өмүр бою кубат алдым.
Сагынып келе берем Ысык-Көлгө.
Бактыгүл Бокоева — Ысык-Көл тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 106