Толкунга денем термелип
Саат сайын сансыз эскерип
Сагынып жүрөк бук болуп,
Сага арнап жазган эстелик.

Караймын тиктеп алысты,
Сен иштеп жүргөн багытты.
Жаракер качан келет деп,
Жаш жаным сен деп камыкты.

Тагдырым сага байланат.
Саат жылбай жылга айланат.
Жолуга турган кайсы күн.
Жүзүңдөн сүйүп аймалап.

Мен ойлоп жүргөн ойлорду.
Сенин да көөнүң ойлойбу.
Кызматын бүтсө кыйнабай,
Бат эле келсең болбойбу.


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *