Жаз беле, жай беле,
Жанырган ай беле?
Жаңыла жаздагам,
Жаным күчүм кайда эле?
Ашыкпайм, адашпайм,
Жанашып, жарашпайм.
Барктаган байлыгын,
Башкаларга багыштайм.
Кайырма:
Таткым келет суйуу мүрөгүн,
Табышмагын талкап жүрөктүн.
Таалайымдан табаар татынам,
Табыша албай тарып жүдөттүң.
Күүгүмдөгү күндүн нурундай,
Күтүп келем кылчак бурулбай.
Бурганактайт бугум сыйпалап,
Чындык менен чындап жуурулбай.
Күз беле, кыш беле?
Көнүлүн түз беле?
Көздөрүң жашоомдун,
Жарык кылар түс беле?
Күтүүгө түтпөдүм,
Курчалдым, күчтөндүм.
Караанын чырактай,
Кагылып мен бүтпөдүм.
Кайырма:
Бегимай Карабаева — Адашпайм тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 707