Жаз болуп келдиң өмүрдүн жашыл төрүнө
Жамгырдай төккөн ак жүрөк барбы өзүңдө
Сен менен келген сезимди бирге жетелеп
Сен менен ган сырдашкым келет көрүнбөй
Кайырма :
Жыпар жыт элең жоогазын элем буралган
Жомоктой дүйнө жоголуп барат улам да
Үшкүрүк болуп көдөндү жара кыйкырып
Үмүтүм сенсиң үзүлүп кайра уланган
Көңүлүм суудай карегиң аалам кең мейкин
Башкалар билсе көз артып казчу кең дейсиң
Өзүңдө калган өрт жылдарда дале күчүндө
Ар таңда учкан жамалы сырдуу желдейсиң