Бегиш — Бир жакадан баш! тексти

Көчүрүү (скачать)

Кайырма:

Жарык келечек тандайм десең
Жаштар бөлүнбөгүлө кел бир бол
Өнүккөн өлкөдө жашайм десең
Бир жакадан баш бир жеңден кол
Алга басууга бар экен бир жол
Бөлүнбөйлү бир тууганым бир бол

Келечек жаштардын колунда
Жаңы муун адилеттин жолунда
Кантип кантип деген суроолордун
Бир болуп анык жообун тап
Акыйкат үчүн колуң чап
Калп айткандардын оозун жап
Элиңдин мээнетин жегенди
Убакыт өзү ылгайт бат

Жетишет бизге кыйноолор
Калп эле тарткан кинодой
Калп айтып жаткан башчылар
Мас кылган арам винодой
Жетишет бизге бир долбоор
Түз жолдун ийзин тапканга
Жетишет бизден кыйноолор
Камалып калат капканда

Кыргызымдын тагдырына жамгыр төгүп жаткандай
Күндүн нуру алыс болуп алыстарга баткандай
Шайтан менен кол алышып ыймандарын саткандай
Чатыры жок эл журтумдун жеп жатышат каткан нан
Билимдүүлөр чет өлкөдөн жылуу уя тапкандай
Билимсизди бир бөлмөдө караңгылап жапкандай
Учур менен пайдаланып чоңдор акча каткандай
Кедейлердин жашы менен козу кошо аккандай


Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1616
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти276
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти187
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти117
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти104
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.