Датасы: 26.11.2020
Формат: mp3

Сен окуучу мени эстеп, шоксуң, ойноксуң
А мен агай окуткан боппоз бойдокмун.
Кыздар менен шыбырап күлүп отурсаң
Анда алтыным мен сага эки коймокмун,
Эки коймокмун.

Кайырма:
Кашың оймо, салкын ойго
Бакыраң көз ойло, ойло
Ыргаласың жаз күнүндөй
Ырда селки, ырга тойбо
Кашың ийме, кашың чийме
Бакыраң көз бийле, бийле
Жан дүйнөмдүн жазы болуп
Жүрөгүмдө бийле, бийле.

Ошол күнү сабактан кийин калмаксың
Кечке окуп, үйүңө түнү бармаксың.
А эртеси тапшырмаң баарын текшерип
Адилеттүү, татыктуу сен беш алмаксың,
Сен беш алмаксың.

Кайырма:
Кашың оймо, салкын ойдо
Бакыраң көз ойло, ойло
Ыргаласың жаз күнүндөй
Ырда селки, ырга тойбо
Кашың ийме, кашың чийме
Бакыраң көз бийле, бийле
Жан дүйнөмдүн жазы болуп
Жүрөгүмдө бийле, бийле.


Один комментарий к “Бек Борбиев — Бийле бийле тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *